Ысык-Көлдө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 6-7 жаштагы кыздарды издөөгө 218 адам чыкты   

Бүгүн, 20-майда Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кызды издөө ишин улантууга жалпы 218 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, издөө иштерине ӨКМдин Каракол шаардык №15 куткаруу бөлүгүнөн 19 куткаруучу, Ысык-Көл облустук башкармылыгынан 1 офицер, Суучулдар кызматынан 10 суучул, Түп райондук №34 ӨКБдан 15 куткаруучулар жана атайын техникалар тартылды.

Мындан тышкары издөө иштерине жардам берүү үчүн ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 163 адам чыктым.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан