Бүгүн, 21-майда Ысык-Көлдө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кызды издөө ишин улантууга жалпы 161 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген 29 куткаруучу, 3 кайык, Суучулдар кызматынан 10 суучул, 2 кайык издөөгө чыгышкан.
Мындан тышкары ИИМден 10 кызматкер, 1 кайык, жергиликтүү тургундардан 112 адам, 4 кайык, 2 катер тартылган.
Эске салсак, кечээ, 20-майда кыздарды издөө иштерин жүргүзүүгө 218 адам чыккан.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткен.