Ирандын Тебриз шаарында тик учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана ирандык делегациянын дагы жети мүчөсү менен коштошуу зыйнаты башталды. Ага бир нече миң адам катышып жатканын аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазууда.
Салтанаттын соңунда каза болгондордун сөөгү салынган табыттар баш калаанын мечитинде окула турган жалпы эскерүү намазы үчүн Тегеранга жөнөтүлөт. Раисинин сөөгү кичи мекени Мешхедде Имам Реза мавзолейине коюлат.
Ибрахим Раиси 63 жашында авиакырсыктан каза болду. Ал 19-майда Азербайжандын президенти менен жолугушуудан кийин кайтып келе жатканда ал отурган тик учак эки өлкөнүн чек арасында кулап түшкөн. Борттогулардын баары каза болгон.