"Министрлер ыйлап". Ирандын президенти Ибрахим Раисинин сөөгү Тегеранга жеткирилди

Тик учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиандын сөөгү жүктөлгөн учак Тегеранга конду.

IRIB телеканалынын кадрларында ирандык жоокерлер учак кырсыгында каза болгондордун сөөгү салынган табытты тосуп алды. Бул учак президент дайыма учуп келген №1 учак экени белгиленген. Учактын кузовунда Ислам Республикасынын мамлекеттик желеги жана мамлекеттин аталышы басылган. Аза күтүү белгиси катары учакта каза болгон ирандык жетекчинин отургучуна кара лента тагылды.

Кадрлардан көрүнгөндөй, табытты тосуп алып жатканда өкмөт мүчөлөрү, министрлер ыйлашкан.

Ибрахим Раиси 63 жашында авиакырсыктан каза болду. Ал 19-майда Азербайжандын президенти менен жолугушуудан кийин кайтып келе жатканда ал отурган тик учак эки өлкөнүн чек арасында кулап түшкөн. Борттогулардын баары каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан