Иран президентинин каза болушу: Окуянын жаңы жагдайлары белгилүү болду

Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан президент Ибрахим Раиси менен бирге учмак эмес. Бул тууралуу Türkiye газетасы жазды.

Андагы маалыматка ылайык, алгач Абдоллахиан менен Тебриз губернатору Малик Рахмети башка тик учакта чогуу учары пландалган. Ал учуунун акыркы мүнөттөрүндө президент менен чогуу бир тик учакка отургузулган.

Эскерте кетсек, 19-майда түштөн кийин Иран президенти Ибрахим Раисинин тик учагы кулап түшкөнү кабарланган. Аны издөөгө Түркиядан 70тен ашык куткаруучу топ жана техникалар жөнөтүлгөн. 20-май күнү эртең менен түркиялык пилотсуз учак Bayraktar Akinci Азербайжан менен чек арадан 30 чакырым алыстыкта ​​Ирандын Тавил айылына жакын жерде жылуулук булагын тапкан. Ошол жерден президенттик тик учактын күйгөн сыныктары табылган.

Раиси менен бирге учакта Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиан, Тебриз жума намазынын имамы Мохаммад Али Аль-э-Хашем, Чыгыш Азербайжан провинциясынын башчысы Малек Рахмати, тик учактын экипажы жана бир коопсуздук кызматкери болгон. Делегация Азербайжандан кайтып келе жаткан. Бардык жүргүнчүлөр каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан