Бүгүн, 22-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрдү.
Ал чет элдиктер менен болгон окуяга министрлик тарабынан өз убагында реакция болбогонун жүйө келтирди.
"Окуя 13-майга караган түнү болгон. Милиция убагында реакция кылган жок. Бейбаштык кылган жарандарды жоопко тартабыз деп жатабыз. А эмнеге ошол эле кезде ички иштер министринин жоопкерчилигин карабайбыз. Эмнеге учурунда реакция кылган жок? Мына депутаттарды, активисттериди аңдып эле жүрөт. Реалдуу иш кылбайбы. Жол коопсуздугунда канча көйгөй бар. Мына уюшкан кылмыштуу топ менен негизи милиция күрөшүш керек болчу. Күрөшө албагандыктан УКМК ошолор менен алек болуп жатат. Бир топ эле көйгөйлөр чечилбей жүрөт", - деди Бекешев.
Эске салсак, 17-майда интернет желелеринде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, толкундоолорго алып келген. 13-май күнү болгон окуяларга нааразы болгон жаштар 18-май күнү кечинде Бишкектеги Курманжан датка көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишине чогула баштап, алардын саны 500дөн 700гө жеткен. Чогулгандар таңга жуук тарашкан.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, тополоңдо 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган. Учурда алардын арасынан 11 бейтап ооруканада дарыланууда.