"Ал каражатты үч күндө таап жатам". "Социалдык келишим" программасына катышкандар пикирлерин айтышты (видео)

Бишкекте бүгүн, 22-майда “Жаңы кадам” социалдык мобилизациялоо боюнча республикалык кеңешме өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эмгек министри Гүлнара Баатырова, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана “Социалдык келишим” программасына киргендер катышты.
Белгилей кетсек, "Социалдык келишим" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет.
Анын алкагында үй-бүлөгө жөлөк пул алган жарандар атайын сынактын негизинде тандалып алынып, ишкерлик жүргүзүүгө бир жолку 100 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам алышкан. Бүгүн өлкө боюнча аталган программаны ийгиликтүү ишке ашырып, ишкерлик кылып жаткан катышуучулар чогулду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйылкы жылы долбоор финансы, санарип, “жашыл экономика” окутуулары менен коштолорун белгиледи.
"Социалдык келишим" программасынын катышуучуларынын бири Ниязбек Алимбеков аталган программага катышып, унаа алып, учурда элге такси кызматын көрсөтүп жатканын айтты.
“100 миң сом алып такси кызматына иштөө үчүн унаа алгам. Мурунку жашообузга караганда азыр жашообуз жакшы. Өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирем”, - деди Баткен облусунан келген Алимбеков.
Нигора Маканбаева Ала-Бука районунун тургуну. Ал "Социалдык келишим" программасына катышып, чакан тигүү цехин ачкан. Учурда 12 кызды жумуш менен камсыз кылып жаткан ишкер айым ишти баштоо оңойго турбаганын кеп кылды.
"2022-жылы жөлөк пулумду токтотуп, программага катыштым. Анын алкагында мамлекет тарабынан берилген 100 миң сомду алдым. Алгач каражатты колума алганда коркком. Кантип иш баштайм, жумушту жолго салып аламбы деген ойлор болгон. Эки тигүү машинасын жана бир оверлок алып, чакан цех ачтым. Азыркы учурда буйрутма менен иштей турган 12 кыз бар. Алар менен чогуу Бишкектен буйрутма алып иштейбиз", - деди ал.
Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Жаркынай Ибрагимова кондитердик дүкөн ачып, тургундарды торт менен камсыздап келет. Ишкер айым тортторунун баасы 600 сомдон 1200 сомго чейин экенин айтты.
"Былтыр программага катышып, меш жана миксер алгам. Ошонун арты менен иштеримди баштап алдым. Мурда 4 балама 4800 сом жөлөк пул алсам, азыркы кезде ал каражатты 3 күндө таап жатам. Учурда чакан жерди ижарага алып иштетем.
Алдыда кондитердик тармак боюнча билим алып, ишкерлигимди кеңейтип, кызыккан кыз-келиндерге дагы үйрөтүү пландарым бар. Жумушумдун арты менен балмуздак чыгарган аппарат, муздаткыч дагы алдым", - деди тургун.
Сузак районунун тургуну Динара Каримахунова мамлекеттин экономикасына салым кошуп жаткан айымдардын катарына кошулганына кубанганын айтып, ишкерликтин жол-жоболорун жаштарга үйрөтүп жатканын кошумчалады.
"Өзүбүз эле иштеп тим болбой, аркабызда келе жаткан жаш муундарды, келиндерди окутуп, аларды бизнес жаатында өсүп-өнүктүрүүгө салым кошуп келе жатабыз. Башында ишибиз чакан идеялар менен башталган, андан кийин идеялар чоңоюп, көрөгөчтүк пайда болот экен", - деди тургун.
Эмгек министрлиги 2024-жылы "Социалдык келишим" долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнөрүн маалымдаган. Мындан тышкары Дүйнөлүк банк 2024-жылы 3 миң жаранга "Социалдык келишим" программасын ишке ашырууга көмөк көрсөтөрү айтылды.
Быйыл аталган программага 20 миң үй-бүлөнүнүн катышуусу пландалып жатат. Ал эми дүйнөлүк банктын колдоосу менен 3 миң үй-бүлө жеке ишкерлик баштоого мүмкүнчүлүк алары айтылды.
Иш-чарада республика боюнча программанын катышуучуларынын 95,6 пайызын аялдар түзгөнү белгиленди.
22.05.24
социалдык контракт
22.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан