Ысык-Атадагы мектепте аялдардын мушташып жаткандагы видеосу тарады

Ысык-Ата районундагы мектептердин биринде бейбаштык кылып, жабырлануучуну уруп-сабаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, 21-май күнү Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1988-жылы туулган Г.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү саат 12:00 чамасында Красная-Речка айылындагы орто мектептин ичинде Л., Р., М. аттуу аялдар коомдук тартипти одоно бузуп, аны эч себепсиз уруп-сабап, денесине залал келтиргендигин айткан. Натыйжада жабырлануучу Чүй облустук ооруканасына жаткырылган.
Аталган факты боюнча милиция кылмыш ишин козгогон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган А.Л. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ысык-Атадагы мектепте аялдар мушташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан