Жакында эле министр болгон Рамзан Кадыровдун 18 жаштагы уулу дагы бир кызматка дайындалды

Чеченстандын “Ахмат” футболдук клубу чечен лидери Рамзан Кадыровдун уулу Ахмат клубга президент болгонун жарыялады.

Буга чейин клубдун басма сөз кызматы клубдун мурунку президенти Магомед Даудов кызматынан кеткенин билдирген. Ушундан кийин клубду башкаруу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун уулуна өткөн.

"Чечен Республикасынын дене тарбия жана спорт министри Ахмат Кадыров «Ахмат» футбол клубунун жаңы президенти болуп дайындалды. Анын биринчи орун басары Умар Даудов клубдун вице-президенттеринин бири болуп бекитилди", - деп билдирди «Ахмат» клубунун басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, клубдун жаңы президенти Ахмат Кадыров учурда 18 жашта. Ал жакында эле Чеченстандын дене тарбия жана спорт министри болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан