Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тун уулу Ахмат Кадыров республиканын дене тарбия жана спорт министри болуп дайындалды. Бул тууралуу чечен лидери өзүнүн Телеграм каналына жазды.
"Дене тарбия жана спорт министри кызматына Ахмат Кадыров дайындалды, буга чейин бул кызматты аркалап келген Иса Ибрагимов өкмөт башчынын жана өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалды", - деп жазды Рамзан Кадыров.
2022-жылдан бери 18 жаштагы Ахмат Кадыров Чеченстандын башчысынын кеңешчиси, Орусиянын балдар жана жаштар кыймылынын аймактык төрагасы кызматын аркалап келген.