Ирандын Башкы штабы Раисинин тик учагынын кыйрашына байланыштуу алдын ала маалыматын жарыялады

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өлкөнүн президенти Ибрахим Раиси бараткан тик учактын кыйрашы боюнча алдын ала маалыматын жарыялады. Бул тууралуу ирандык IRNA агенттиги билдирди.

Докладда болуп өткөн окуялардын айрым деталдарын карап чыгуу үчүн дагы убакыт керектиги белгиленген.

Алдын ала иликтөөгө ылайык, тик учак белгиленген маршрут боюнча жүрүп, учуу жолун өзгөрткөн эмес. Кырсыкка бир жарым мүнөт калганда кыйраган тик учактын учкучу учуу тобундагы эки тик учак менен байланышка чыккан.

"Кыйраган тик учактын калдыктарынан ок же ушуга окшош зыяндын издери табылган жок", - деп айтылат маалыматта.

Башкы штабдын маалыматына караганда, тик учак тоо менен кагылышуудан кийин күйүп кеткен. Тергөө ошондой эле диспетчерлер менен экипаждын сүйлөшүүсүндө "шектүү эч нерсе байкалбаганын" көрсөткөнү айтылды.

Эскерте кетсек, 19-майда түштөн кийин Иран президенти Ибрахим Раисинин тик учагы кулап түшкөнү кабарланган. Аны издөөгө Түркиядан 70тен ашык куткаруучу топ жана техникалар жөнөтүлгөн. 20-май күнү эртең менен түркиялык пилотсуз учак Bayraktar Akinci Азербайжан менен чек арадан 30 чакырым алыстыкта ​​Ирандын Тавил айылына жакын жерде жылуулук булагын тапкан. Ошол жерден президенттик тик учактын күйгөн сыныктары табылган.

Раиси менен бирге учакта Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиан, Тебриз жума намазынын имамы Мохаммад Али Аль-э-Хашем, Чыгыш Азербайжан провинциясынын башчысы Малек Рахмати, тик учактын экипажы жана бир коопсуздук кызматкери болгон. Делегация Азербайжандан кайтып келе жаткан. Бардык жүргүнчүлөр каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан