24-майга караган түнү Талас облусунун Айтматов районунда үрөй учурган үч адамды өлтүрүү фактысы катталды. Анда 27 жаштагы келиндин эки баласы менен күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылганы кабарланды.
Айтматов райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлү Эльмира Райымбекова каза болгон келиндин жашоо шарты тууралуу SUPER.KG порталына маалымат берди.
Айтымында, каза болгон келин жолдошу, эки баласы менен айыл четиндеги сарайда жашап жаткан.
"Бул боюнча маалымат түшкөндөн кийин башкармалыктын өкүлдөрү жерине кетишти. Алдын ала маалымат боюнча, келинди өлтүрүүгө шектүү кайнагасы экен. Жашоо шарттары жакшы, малдуу-жандуу. Келин жолдошу, 2 баласы менен айылдын четиндеги сарайда жашап жаткан экен. Окуя келиндин жолдошу дүкөнгө кеткен учурда болуптур", - деди Райымбекова.
Ошондой эле ал келин эки баласына жөлөк пул алганын 2023-жылы декабрь айында жашоо шарты жакшы болгону себеп болуп ал токтотулганын кошумчалады.
"Келин мурун жөлөк пул алган экен. Биздин кызматкерлер текшерип барышканда бул үй-бүлө ата-энеси (кайын ата, кайын энеси) менен турушчу. Түшүндүрүү иштеринен кийин, 2023-жылдын декабрь айынан бери жашоо шарты жакшы болгону себеп болуп жөлөк пул токтотулган. Андан кийин ата-энеси баласы менен келинин айыл четиндеги сарайга бөлүшкөн экен", - деди ал.
Ички иштер министрлиги шектүү тоодо кармоо учурунда жок кылынганын билдирди.