Таластагы үч адамдын өлүмү: Шектүү кармоо учурунда жок кылынды

Талас облусунун Айтматов районунда үч адамдын өлүмүнө шектүү кармоо учурунда жок кылынды. Маалыматты Ички иштер министрлигинен тастыкташты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 24-майда Айтматов районунда үрөй учурган үч адам өлтүрүү фактысы катталганы маалымдалган. Анда 27 жаштагы келиндин эки баласы менен күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө киши өлтүрүү болгондугу такталган, денелеринде көптөгөн жарааттар бар экендиги аныкталган.

Шектүү жаран аныкталып, ал мурун адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен соттолгон, Айтматов районунун Ак-Башат айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.Н. экендиги такталган.

"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, тоо аркылуу качып кетүүгө аракет кылган. Тоодо кармоо учурунда шектүү 1976-жылы туулган К.Н. жок кылынды", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан