Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн 20-армиясынын командачысы генерал-лейтенант Сухраб Ахмедов кызматынан бошотулганын бир катар орус басылмалары жазышты.
Ахмедов кызматтан алынганын “Биз Орусия менен биргебиз” кыймылынын төрагасы Владимир Рогов да жарыялады.
"Азырынча Сухраб Султанович жаңы эле бошотулду, бирок маалымат булактары кырдаал өнүгүп жатканын кабарлады", - деп жазды Рогов өзүнүн телеграм каналында.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.
Генерал-лейтенант Сухраб Ахмедов Фрунзе атындагы Аскердик академиянын бүтүрүүчүсү. 36-гвардиялык мотоаткычтар бригадасынын жана 155-деңиз жөө аскерлеринин бригадасынын мурдагы командири. Ага 2022-жылдын декабрында 20-армиянын командачылыгы тапшырылган. 2022-жылдын февралында Владимир Путин Ахмедовго генерал-майор, ал эми ошол эле жылдын декабрында генерал-лейтенант наамын ыйгарган.
Белгилей кетсек, 21-майда Орусиянын Коргоо министрлигинин мамлекеттик коргонуу буюртмаларын камсыздоо департаментинин башчысы Владимир Вертелецкий алдамчылыкка шектелип кармалган.
Соңку апталарда Коргоо министрлигинин башка жогорку даражалуу кызматкерлери, анын ичинде министрдин орун басары Тимур Иванов менен кадр бөлүмүнүн башчысы Юрий Кузнецов да пара алган деп айыпталып, камакка алынган. Ошондой эле Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн байланыш башкы башкармалыгынын башчысы Вадим Шамарин жана 58-армиянын мурдагы командири Иван Попов да кармалган.