Кытай Тайвандын айланасында масштабдуу аскердик машыгууларды баштады

Кытай 23-майда Тайвандын айланасында аскердик машыгууларды баштады, муну Элдик боштондук армиясынын өкүлү Ли Си Тайбэйдин "сепаратисттик аракеттерине" жооп катары "жаза" деп билдирди. Пекин Тайванга абадан чабуул жасоону имитациялоо үчүн аралдын аймагына согуштук учактарды жөнөттү.

Машыгуулар АКШ менен жакындашууга умтулуп жаткан аралдын жаңы президенти Лай Циндэнин инаугурациясына туш келди. Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары саясатчыны "сепаратист" деп атап, катуу сынга алды.

Кытай Тайванды өзүнүн аймагы деп эсептейт, ошондуктан Кытай бийлиги Лайдын 21-майда болгон инаугурациясында сүйлөгөн сөзүн айыптады. Анда ал Тайвань кысыгынын эки тарабы тең бири-бирине баш ийбейт, Тайвань көз карандысыз мамлекет бойдон кала берет деп билдирген.

Маалымат үчүн: Тайвань Чыгыш Азиядагы жарым-жартылай таанылган мамлекет. Аянты 36 миң чакырым квадрат. Борбор шаары - Тайбэй. Тайвань аралы тууралуу бул жерден толук окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан