Кечээ, 25-майда Жалал-Абаддын Аксы районунда жааган жаандын кесепетинен Кара-Камыш айыл аймагындагы Кезарт айылында Кара-Жыгач – Кызыл-Көл унаа жолунун 6-чакырымында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, сел унаа жолдун көпүрөсүнөн ашып, натыйжада жол каттам жабылган. Ошондой эле Кезарт сел сайынан Кара-Суу дарыясына жамгыр суусунан топтолгон селден суунун деңгээли көтөрүлгөн. Ага жакын жайгашкан 64 үйгө суу каптоо коркунучу жаралгандыктан, 250 адам коопсуз жайларга көчүрүлдү.
Ага ылайык, ӨКМден 2 экскаватор, Кара-Камыш айылынан 2 самосвал, 2 жүктөгүч, Сары-Челек айылынан 2 жүктөгүч, Суу чарба кызматынан 2 самосвал, №12 ЖТИден 1 жүктөгүч, жалпы 18 куткаруучу 3 мотопомпа тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.
"Мындан тышкары Жалал-Абад шаарнын Спутник кичи районунун Манас проспектисинде жайгашкан үйдүн жертөлөсүнө жана короосуна жамгыр суулары киргендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине шаардык №20 ӨКБдан 3 куткаруучу мотопомпа менен тартылган", - деп айтылат маалыматта.