Кечээ, 25-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Аксы районунун Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында кокту-колоттордон чогулган сел суулар 56 турак жайдын короосун, анын ичинен 6 турак үйдүн жертөлөсүн, 4 турак үйдүн ичине кирип, 3 мал сарай урады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, жерине Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов баштаган ыкчам топ тартылуу менен штаб түзүлүп, №188-Б буйруктун негизинде айыл аймактык деңгээлдеги "Өзгөчө кырдаал режими" киргизилди.
Ага ылайык, жерине райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 100 адам, ӨКМден 24 куткаруучу тартылды.
"Мындан тышкары райондук Жарандык коргонуу кызматынан жана ӨКМден 15 техника тартылып, жолдорду тазалоо, Кара-Суу дарыясынын сол жээгин бекемдөө жумуштары жүрүүдө.
Ошондой эле Сары-Челек айыл аймагында 3 ички көпүрө авариялык абалга келип, кооптуулукту жараткан.
Учурда жеринде өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кооптуулук жаралган аймакта 250 адам коопсуз жайларга эвакуацияланды.