Он күндөн кийин Асман шаарынын курулушу башталат. Бул тууралуу Садыр Жапаров кечээ, 25-майда Балыкчыдагы эт комбинатынын ачылышында билдирди.
Анын айтымында, долбоорго өзгөрүүлөр киргизилип, курулуш иштери бүгүнкү күнгө чейин созулуп келет.
“Былтыр биз капсула салгандан кийин аны көргөн чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздөн жөн эле шаар салып койбой, жашыл шаар салалы деген сунуштар түшүп, мурдагы долбоорлоруна өзгөрүүлөр кирип, курулуштун башталышы бүгүнкү күнгө чейин созулуп келди эле. Азыр дүйнөлүк коомчулук жашыл экономикага, жашыл энергетикага талап коюп жатат. Шаар Ысык-Көлгө зыянын тийгизбеши үчүн биз дагы заманбап шаар куруу сунушун кабыл алып, жашыл шаарды баштап жатабыз”, - деди Жапаров.
Белгилей кетсек, шаардын курулушуна расмий түрдө былтыр 30-июнда старт берилген. Президент Садыр Жапаров аталган иш-чарага катышып, шаардын курулушуна капсула салган. Бирок капсула салынгандан кийин курулуш иштери токтоп калган.