Социалдык тармактарда өзүнүн кайрымдуулук иштери менен таанымал болгон, "Беткапчан киши" деген лакап ат менен белгилүү адам бул жолу үй-бүлөсүн эл ташып баккан майыптыгы бар адамга үй, унаа белек кылды.
Мындан сырткары ал каарманы Муратка жана анын көзү азиз жубайынын дарылануусуна, ошондой эле умрага зыярат кылып келүүгө акча каражатын берди.
Ошондой эле видеодо Мураттын бул белектерге ишене албай, кубанычтан улам көзүнө жаш алганын көрүүгө болот.
Беткапчан адамдын бул кадамы көпчүлүктү ыйлатып, жүрөктөрүн элжиретти.
"Жакшылыгыңды көрсөтпөй жаса" демекчи, "Беткапчан киши" лакап аты менен таанымал адам бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн ким экенин жашырып, бир канча үй-бүлөгө өзүнүн колунан келген жардамын берип келет.
Эске салсак, ал буга чейин 4 баласы менен унаа жуучу жайдын жер төлөсүндө күн кечирип келген жалгыз бой энеге үй белек кылган.