Социалдык тармактарда өзүнүн кайрымдуулук иштери менен таанымал болгон, "Бет капчан киши" деген лакап ат менен белгилүү адам бул жолу казакстандык үй-бүлөгө жардам берди.
Ал кезектеги каарманына үй тартуулаган видеону социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү. Анда 4 баласы менен унаа жуучу жайдын жер төлөсүндө күн кечирип келген жалгыз бой аялды кубанычка бөлөгөнүн көрүүгө болот.
"Төрт баламды 17 жылдан бери унаа жууп, багам. Унааларды көрөйүн деген көзүм жок. Бирок башка жумушка кирейин десем, көзүм ооругандыктан албайт", - деген жалгыз бой эне.
Ошондой эле ал эң негизги изги тилеги балдарына мыкты билим берип, окутуу экенин айткан.