Салтанат Нукенованын өлүмү: Байжанов аппеляциялык арыз жазды

Казакстандын экс-улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевдин тууганы Бахытжан Байжанов апелляциялык арыз жазды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.

Белгилүү болгондой, иш боюнча арыз 27-майда келип түшкөн. Өз кезегинде адвокат Газиз Ынтыкбаев арыз жазылганын тастыктаган.

Эске салсак, 13-майда сот Бахытжан Байжановду өзгөчө оор кылмышты жашырган деп таап, 4 жылга эркинен ажыраткан. Судья Айжан Кулбаева соттолгондор өкүмдүн көчүрмөсү тапшырылган күндөн тартып 15 күндүн ичинде өкүмгө даттанууга укуктуу экенин айткан.

Соттогу акыркы сөзүндө Бахытжан Байжанов эгер чындап эле Салтанат Нукенованын каза болгонун билип туруп, чара көрбөгөндө өзүн коргобой турганын билдирген. Ал ошондой эле калпты аныктоочу тесттен өтүүгө даяр экенин да айткан.

Соттук талаш-тартышта жабырлануучу тарап Бишимбаев Байжанов менен бирге Нукенованын сөөгүн ресторандан алып чыгууга аракет кылган деп айыпташкан.

Ал эми Куандык Бишимбаев жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталып, 24 жылга эркинен ажыратылган. Экс-министр жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан