Куандык Бишимбаевге сот өкүм чыгарды

Бүгүн, 13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктады.

Анда сотко төрагалык кылуучу Бишимбаевди күнөөлүү деп таап, мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыратты. Анын тууганы Бахытжан Байжанов оор кылмышты жашырганы үчүн 4 жылга эркинен ажыратылды.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 9-ноябрында Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри, мурда коррупция боюнча соттолгон Куандык Бишимбаев Астанадагы ресторандардын биринде кармалганы тууралуу маалымат чыккан. Камоого анын жубайы 31 жаштагы Салтанат Нукенованын өлүмүнө шектелгени себеп болгон. Полициянын маалыматы боюнча, аял токмок жеп каза болгон.

11-ноябрда Астана шаардык ички иштер башкармалыгы ресторанда аялды өлтүрүүгө шектелген жаран борбордогу убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кабарлады. Кийинчерээк президент бул ишти өзгөчө көзөмөлгө алууну буйруган жана Бишимбаевдин бир тууганы Бакытжан Байжанов да кылмышты жашырганы үчүн камакка алынган.

Бул иш боюнча соттук отурум 2024-жылдын 27-мартында башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан