Ирандын Башкы штабы Раисинин тик учагынын кулашы боюнча диверсияны жокко чыгарды

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өлкөнүн президенти Ибрахим Раисинин кыйраган тик учагына диверсия жасоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды. Бул тууралуу IRNA басылмасы жазды.

"Кыйраган тик учактын бөлүктөрүнө жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, анын негизги кузовунан бөлүнүп калган бөлүктөрү тоо менен урунгандан болгону такталып, диверсия жокко чыгарылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 19-майда түштөн кийин Иран президенти Ибрахим Раисинин тик учагы кулап түшкөнү кабарланган. Аны издөөгө Түркиядан 70тен ашык куткаруучу топ жана техникалар жөнөтүлгөн. 20-май күнү эртең менен түркиялык пилотсуз учак Bayraktar Akinci Азербайжан менен чек арадан 30 чакырым алыстыкта ​​Ирандын Тавил айылына жакын жерде жылуулук булагын тапкан. Ошол жерден президенттик тик учактын күйгөн сыныктары табылган.

Раиси менен бирге учакта Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиан, Тебриз жума намазынын имамы Мохаммад Али Аль-э-Хашем, Чыгыш Азербайжан провинциясынын башчысы Малек Рахмати, тик учактын экипажы жана бир коопсуздук кызматкери болгон. Делегация Азербайжандан кайтып келе жаткан. Бардык жүргүнчүлөр каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан