Мексикада мэрликке талапкер шайлоочулар менен жолугушууда атып өлтүрүлдү

Мексиканын Коюка-де-Бенитес шаарында (Герреро штаты) мэрликке талапкер Хосе Альфредо Кабрера Барриентос шайлоочулар менен жолугушуу учурунда өлтүрүлдү. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Окуя шайлоо алдындагы эл менен болгон жыйынтыктоочу жолугушууда болгон. Анда баскетбол аянтчасында саясатчыга куралы менен белгисиз адам келип, башына бир нече жолу ок чыгарган. Барриентос окуя болгон жерде каза болгон. Социалдык тармактарда тараган видеодо кеминде 15 жолу октун үнүн угууга болот.

Хосе Альфредо Кабрера Барриентос Герреро штатында шайлоо өнөктүгү учурунда өлтүрүлгөн бешинчи талапкер болуп калды.

Өткөн аптада Сан-Педро шаарында мэрликке талапкер Лорения Каннаватинин үгүт митинги учурунда сахнадан шайлоочуларды көздөй экран кулап, беш киши каза болгон. Мындан сырткары 50дөн ашуун жаран жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан