БШК Муртазалиевдин чечими боюнча сотко даттанат

Борбордук шайлоо комиссиясы Свердлов шайлоо округу боюнча мурдагы талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевди депутат катары таануу боюнча соттун чечимине доо арыз жазуунун алдында тургандыгын ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

“20-майда БШКга Свердлов райондук сот аткаруучуларынан 16-майдагы сот чечимин ыктыярдуу аткаруу сунушу келип түшкөн. Анда 10 жумушчу күндүн ичинде аткаруу керектиги көрсөтүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

БШК 7-майдагы отурумда Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыраткан. Анда мындай чечим соттордун чечимдерин аткаруу максатында кабыл алынганы белгиленген.

Жогорку Сот 30-апрелде ага чейинки эки инстанциянын Атазовду мандаттан ажыраткан чечимин күчүндө калтырган.

Андан тышкары Жогорку Соттун басма сөз кызматы соттук коллегия БШКнын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча чечими жокко чыгарылганын билдирген. Башкача айтканда, Муртазалиевдин алган добушу жарактуу деп табылган.

Эске салсак, Шайлообек Атазов Жогорку Кеңешке 2022-жылы Свердлов районунан депутат болуп шайланган. Шайлоонун баштапкы жыйынтыгында аталган округ боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев эң көп добуш алган, бирок БШК добуштарды сатып алуу фактысынан улам анын каттоосун жокко чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан