Биз социалдык тармакта

Ажылык-2024: Зыяратчылардын алгачкы тобу Ош эл аралык аэропортунан учту

Бүгүн, 31-май күнү таң эрте ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу Ош эл аралык аэропортунан Сауд Арабиясына учуп кеттишти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, болочок ажыларды ыйык сапарга узатууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган дин башкармалыктын кызматкерлери, Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради жана башка дин ишмерлери катышышкан.

Белгилей кетсек, Сауд Арабиясы быйыл Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан