Кыргызстан менен Сауд Араб Падышачылыгы (САП) ажылык боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
Кабарлангандай, келишимге Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев менен САПтын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман кол койду.
САПтын ажылык министринин орун басары Кыргызстан 2023-жылы ажылыкты жакшы уюштургандыгын белгилеп, 2024-жылы ажылык иштери эрте башталгандыгын баса белгиледи.
"Биз 2024-жылдагы ажылык иштери боюнча кеңири форматта сүйлөшүп, кошумча квота сурадык. САПтын ажылык-умра министрлигинде бул маселе комиссия аркылуу чечилгендиктен КМДБнын атынан расмий кат тапшырдык. Учурда жатакана, тамак-аш жана ыйык өрөөндөрдөгү кыргызстандык ажылардын ибадаттарынын аткарылышы боюнча өз ишибизди баштадык", - деди Азирети Муфтий.
Андан соң тараптар 2024-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, САПтын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6060 квота берилгендигин билдирди.