Бүгүн, 4-июнь күнү америкалык актриса, режиссёр, сценарист жана фотомодель Анжелина Жоли 49 жашка толду. Ал 1975-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында жарык дүйнөгө келген.
Анын атасы 1975-жылы "Үйгө кайтып келүү" аттуу фильминдеги ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган белгилүү актёр Жон Войт, ал эми апасы Марселина Бертран убагында модель болгон. Анжелина 2 жашта кезинде ата-энеси эки ажырым жолго түшкөн. Ар кандай ушактардан чочулаган апасы Анжелина менен уулу Жеймсти алып, Нью-Йорк шаарына көчүп кетүүгө аргасыз болгон.
Актриса 11 жашка чыкканда үй-бүлөсү менен Лос-Анжелеске көчүп келет. Анын окуучу кезинде эле актриса болом деген амбициясы болгон. Бирок сырткы келбетим талапка жооп бербейт деп тартына берчү. Модель болууга аракет кылып, бирок жакшы жыйынтыкка жетпегени анын тилегин ташка чапкандай эле болгон. Мындан улам ал өзүнүн денесин учтуу нерселер менен тилген учурлары болгон. Ал маектеринин биринде: "Мен бычактарды коллекция кылчумун. Ал эми бычак менен денемди тилип, кескилөө мен үчүн терапия болчу", - деген.
Анжелина Жоли киного алгач Жеймс Хейвендин тасмаларына тартылуудан баштайт. "Хакер" фильминдеги ролу аны аз да болсо коомчулукка таанытат. Ал эми ал 1982-жылы "Жол табуунун жолун издеп" жана "Лара Крофт: Күмбөздөрдү жок кылгыч" тасмаларындагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен.
Ал 1996-жылы тасма талаасынан актёр Жонни Ли Миллер менен таанышып, ага турмушка чыгат. Бирок бир жылдан кийин түгөйлөр эки башка жолго түшөт. 2000-жылы "Учууну башкарууда" тасмасындагы өнөктөшү Билли Боб Торнтон менен кезектеги сүйүү мамилесин куруп, 3 жылдан соң жан шериктер расмий түрдө ажырашышат.
Ал эми популярдуу актёр Брэд Питт менен "Мистер жана миссис Смит" тасмасына тартылуу учурунда бири-бирине жакын болуп, мамилелери сүйүүгө айланат. Бирок ал мезгилде Брэд Питт актриса Женнифер Энистон менен ак никеде болчу. Анжелина Жоли 2006-жылы кош бойлуу экенин жана наристенин атасы Брэд Питт экенин ачыктаган. Узак убакыт жарандык никеде жашаган түгөйлөр 2014-жылы расмий түрдө баш кошушканын жар салып, үлпөт тоюн Францияда өткөрүшкөн.
Анжелина Жолини баатыр эне десек болот. Ал өзүнүн балдарынан тышкары дагы бир нече баланы асырап алганы белгилүү.
Ал Питт экөө Мэддокс (Камбоджа), Захара (Эфиопия), Пакс Тьен (Вьетнам) деген балдарды багып алышкан. Түгөйлөр 2006-жылы Шайло Нувель аттуу кыздуу болушуп, кызынын туулгандагы алгачкы сүрөтүн "People" журналына 10 миллион долларга сатышкан. 2008-жылы Брэд менен Анжелина Нокс Леон жана Вивьен Маршелин аттуу эгиз уул-кыздуу болушат. Эгиздердин сүрөттөрүн 14 миллион долларга сатышып, түшкөн каражатты кайрымдуулук иштерине жумшашкан. 2015-жылдын январь айында түгөйлөр сириялык Муса аттуу баланы асырап алышканы белгилүү болгон. Түгөйлөр 2016-жылдын 19-сентябрында расмий түрдө ажырашкан. Буга актёрдун баңгизатына берилип кеткендиги себеп болгондугу айтылып келген.
4-июндун жылнаамасы.