Президенттер: "60 жашында сүйүүсүн тапкан". Мексиканын алгачкы президент айымы тууралуу фактылар

Кыргызстандыктар үчүн Мексика Америкага барчу багыттардын бири болгон өлкө катары эсте калды. Эл аралык басылмалар өлкөнү кылмыштуулук жана баңгизат менен да байланыштырып чагылдырып келет. Мексика Кошмо Штаттары өздөрүнө алгачкы ирет айым президентти шайлап алгандыгын 3-июнда маалымдаган.

"Президенттер" рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында Мексиканын жаңы шайланган өлкө башчысы Клаудия Шейнбаум Пардо тууралуу айтып беребиз.

Клаудия Шейнбаум Пардо үгүт иштери учурунда

Окумуштуулардын үй-бүлөсүнөн чыккан саясатчы айым

Клаудия Шейнбаум 1962-жылы 24-июнда Мексиканын борбор шаары Мехикодо активисттердин, окумуштуулардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Атасы Карлсон Шейнбаум химик жана жеке ишкер болгон. Мексикага 1920-жылы Литвадан көчүп келген еврейлерден. Ал эми апасы Анна Пардо 1940-жылы Болгариядан ата-энеси менен Мексикага көчүп барышкан. Ал биология илимдери менен алектенип, медициналык да билими болгон.

Клаудия Мехико шаарынын түштүгүндө калк жыш жайгашкан байлардын аймагында турушкан. Ал жер - “саясий көз караш күнү-түнү талкууланган аймак” деп аталчу.

Атасы Карлсон Шейнбаум жана апасы Анна Пардо

Ата-энеси Клаудияны жаш чагынан эле абактарда камалып жаткан активисттерден кабар алууга алып барышчу. Ошондой эле көз карандысыздыкты жана эркиндикти биринчи багытка койгон бала бакчаларга барып, дал ушундай көз караштагы мектептерден билим алган. Саясатчы айымды жакындары мектеп чагынан көз карашын далилдер менен айтып чыккан, “он өлчөп, бир кескен” адамдардын катарында экендигин айтып келишет.

Клаудияны “68-жылдын кызы” деп да аташат. Анткени ал ошол жылдары Мексикада болгон демонстранттык жүрүштөргө ата-энеси менен катышып келген.

Клаудиянын жаш кези

Ал Улуттук автономиялык университетте (Universidad Nacional Autónoma de México) физика багыты боюнча билим алып, бакалавр баскычын бүтүргөн. Андан соң 1994-жылы магистратура, 1995-жылы докторантураны аяктаган. Башкача айтканда, 1989-жылы физика илими боюнча дипломдун ээси болуп, магистратурада энергетика тармагында окуган. Ал эми 1995-жылы докторлук диссертациясын экология боюнча жактаган. Ал өз эне тилинен тышкары англис тилинде эркин сүйлөйт.

Шейнбаум 61 жашында экинчи ирет турмушка чыккан

Клаудия Шейнбаум 1987-жылы саясатчы Карлос Имаз Гиспертке турмушка чыгып, 8 жылдан кийин, 2016-жылы ажырашып кеткен. Алар Марианна аттуу кызын тарбиялап келишет. Ал филология илимдеринин доктору.

Клаудия күйөөсү Хесус Марию Тарриб менен

Саясатчы айым өткөн жылы студенттик учурдагы сүйгөнүнө турмушка чыккан. Ал физика илимдеринин доктору Хесус Марию Тарриб. 62 жаштагы саясатчы айым сүйүктүүсүн социалдык түйүндөрдүн биринен таап, 6 жыл сүйлөшкөн соң үй-бүлө курууну пландашкан. Жогорку окуу жайынан соң Хесус Америкага кетип калып, экөөнүн жолу эки башка кеткен. Жумуштан бошобогон саясатчы Шейнбаум тамак жасаганга убактысы жок экендигин айтып, тамашалап сүйүктүүсүнүн жүрөгүн "лаймга маринаддалган балык" менен багындырып алганын айтып келет.

Клаудия Шейнбаум саясатка кантип келди?

2000-жылдардагы Мексикадагы саясий абал анын саясатка болгон кадамдарын баштап берген.

70 жылдык башкаруудан соң революциялык партия президенттик шайлоодон жеңилген. Дал ошол учурда Табасконун кедей аймагынан чыккан саясатчы Андрес Мануэль Лопес Обрадор (Амло) Мехикого мэр болуп шайланат. Амло мэрлик кызматта турган кезде айлана-чөйрөнү коргоо министрлигине Клаудия Шейнбаумдун талапкерлигин көрсөтүшөт. Ошол учурда эки саясатчы бири-бирин таанышкан.

Шейнбаум мурунку президент Лопес Обрадор менен

2006-жылы Амлонун администрациясы шайлоодон жеңилип, Шейнбаум илим багыты менен кетип, климаттык өзгөрүүдөгү изилдөөлөрү үчүн "Нобель" сыйлыгына татыган.

Анткени менен саясат аны алыстаткан жок. 2015-жылы Мехиконунун эң ири райондорунун бири Тлалпан администрациясынын башчылыгына шайланган. Андан үч жыл өткөндөн кийин Амло өлкөнү башкарып, Шейнбаум Мехиконун мэрлигине барган.

Негизги программасы - кылмыш менен күрөшүү

2-июнда Мексиканын тарыхында алгачкы жолу президент болуп аял киши шайланып келди. Ал Мехико шаарынын мурунку мэри Клаудия Шейнбаум.

Шейнбаум Мексиканын мурунку башчысы Лопес Обрадордун баштаган иштерин улантарын айтат. Анын эң негизги программасы - кылмыш менен күрөшүү. Анткени 2018-2022-жылдары Мексикада кылмыш ишинин саны жогорулаган. Өзгөчө адам өлтүрүү фактысы 2020-жылы жогорку көрсөткүчкө чыгып, 37 миңге жакын жаран өлтүрүлгөндүгү эл аралык басылмаларда айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан