Бүгүн, 4-июнда рэп аткаруучу Баястан 31 жашка толду. SUPER.KG порталы Баястанды туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.
"Туулган күнүмдү биринчи болуп ар дайымкыдай эле жубайым куттуктады. 31 жашка чыгып жатам. Туулган күнгө мурдагыдай деле маани бербей калат экенсиң. Бирок досторум чалып, белгилейбиз деп жатышат", - деди рэпер.
Ошондой эле "туулган күндөрүңүздө алган эң кымбат белегиңиз кайсы болду?" деген сурообузга төмөндөгүдөй жооп берди.
"Буга чейинки туулган күндөрүмдөгү эң баалуу белек кызым Наринэ болду окшойт. Анткени кызымдын туулган күнү кечээ, 3-июнда болду", - дейт.
Мындан тышкары чыгармачылыктагы жаңылыктарына токтолуп, күйөрмандарына жакынкы аралыкта жаңы ыр тартуулай турганын айтты.
"Акырындык менен чыгармаларды чыгарып жатабыз. Жакында FREEMAN менен эки ыр чыгардык. Ага чейин JAX менен ырдадык. Азыр Айбек Замиров менен ырдайлы деп жатабыз. Буюрса, эмки жумада чыгат".
Баястан Ботоканов 1993-жылы 4-июнда Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Орус Славян университетине окууга тапшырган.
Алгач 2008-жылы сахналаш досу Бегиш менен биргеликте "Керексиң мага" ыры менен чыгып, элге тааныла баштаган. Учурда ырчынын репертуарында "Математика", "Эркелеп", "Жарашат", "Ой бой" жана башка ырлары бар.
2018-жылы 11-августта бийчи Зульфия Лансаровага баш кошкон. Учурда түгөйлөр 2 баланы тарбиялап келишет.
4-июнга карата жылнаама.