Рэп ырчысы Баястан менен бийчи Зульфия Лансарова кыздуу болушту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялады. "Рахмат сага, сүйүктүүм" деген билдирүүсүн калтырды. Ошондой эле Баястан кызы 3-июнда саат 14:14тө төрөлгөнүн жазды.
Ал эми Зульфия кызынын бою 52 сантиметр жана 3 килограмм 360 грамм салмакта төрөлгөнүн билдирген. Абалы жакшы экенин да кошумчалаган.
Түгөйлөрдү ата-эне болушу менен куттуктап Баястанга байланышканыбызда, ал буларга токтолду.
"Жубайым менен кызымдын абалы жакшы. Төрөткө мен дагы катышып, кызымдын киндигин өзүм кестим. Киндигин кесип жатканда кубанычтан көзүмө жаш толуп, башкача сезимдер болду. Кызыбызга Наринэ деген ысым ыйгардык", - дейт ал.
Баястандын билдирүүсүнүн алдына күйөрмандары, социалдык тармактагы окурмандары, шоу бизнестеги достору куттуктоо сөздөрүн калтырышууда. Ал эми шоумен Актан Рыскелдиев, актёр Нурсултан Курсанали уулу жана "Жарайт сити" долбоорунун жигити Алинур Абдыкалыков тамашалуу куттуктоо жасашты.
Рэп аткаруучу 2018-жылы 11-августта бийчи Зульфия Лансаровага үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн үлпөт тою 27-августта Балыкчы шаарында өткөн.
Наринэ - армян тилинен которгондо "аялзаты", "айым" дегенди түшүндүрөт.