Жогорку Кеңештин комитети Максат Асаналиевди башкы прокурор кылууга макулдук берди

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети башкы прокурорлук кызматка Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды.

Комитет жыйыны бүгүн, 5-июнда жабык эшик артында өттү. Анда комитет мүчөлөрү президент сунуштаган талапкерди жактырышты.

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин сунуштап, Жогорку Кеңештен макулдук алууга киргизген.

Айта кетсек, Башкы прокурор Курманкул Зулушев 3-июнда отставкага кеткен. Анын кетишин 4-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети колдоп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан