Президент башкы прокурорлукка талапкерди сунуштады. Ал ким?

Өлкө башчысы Садыр Жапаров башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин сунуштап, Жогорку Кеңештен макулдук алууга киргизди. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Азыр Асаналиев Ош облусунун прокурору болуп иштеп жатат.

Айрым социалдык баракчалардын колдонуучулары Асаналиевдин башкы прокурорлукка көрсөтүлүп жаткандыгын жазып чыгышкан. Алагөзов бул ички маалыматтын таркап кетиши боюнча кызматтык териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Айта кетсек, Башкы прокурор Курманкул Зулушев 3-июнда отставкага кеткен. Анын кетишин 4-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети колдоп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан