Башкы прокурорлук кызматка Ош облусунун прокурору болуп иштеп келген Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды.
Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Асаналиевдин талапкерлигин карап, аны башкы прокурор кызматына дайындоого макулдук берди.
Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин сунуштап, Жогорку Кеңештен макулдук алууга киргизген.
Айта кетсек, башкы прокурор Курманкул Зулушев 3-июнда отставкага кеткен. Анын кетишин 4-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети колдоп берген.