Бүгүн, 5-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу чет элдик студенттерди кайтаруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын айтты.
"Биз Пакистандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри менен сүйлөштүк. Андан сырткары кесиптешим менен сүйлөштүм. Элчилер менен тынымсыз байланыштабыз. Чет элдик студенттерге азыр жеңилдик бердик. Окуусун бүтүрүп августа келип экзамен тапшырышат. Азыр бүтүрүүчү курстар гана калып экзамендерин тапшырып жатышат.
Пакистан тарап студенттердин көпчүлүгү келет деп жатат. Мен өткөн жумада эле Пакистандын билим берүү министринин орун басары менен сүйлөштүм, "студенттердин көпчүлүгү келет" деп айтууда", - деди ал.
Ошондой эле министрдин орун басары чет элдик студенттердин кайтып келүүсү боюнча статистика ноябрь айында белгилүү болорун кошумчалады.
Эске салсак, 17-майда интернет желелеринде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, толкундоолорго алып келген. 13-май күнү болгон окуяларга нааразы болгон жаштар 18-май күнү кечинде Бишкектеги Курманжан датка көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишине чогула баштап, алардын саны 500дөн 700гө жеткен. Чогулгандар таңга жуук тарашкан.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, тополоңдо 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган.