Бишкек шаарында унаа тыгыны көбөйүп жатат жана метро куруу менен муну жойсо болот. Бул тууралуу депутат Арсланбек Малиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Депутат өз сөзүндө Бишкек шаарына метро курса боло тургандыгын айтты.
"Бишкек шаарында азыр миллиондон ашык эл бар. Анан бүгүнкү күндө жолдордо тыгын болуп жатат, бул оңдоп-түзөө иштеринен эмес, ал боло электе эле бул маселе курч болчу. Бүгүнкү бийлик көп жумуштарды жасап жатат, бирок эл деген эл, канчалык жасаса дагы ошончо өтүнүчтөр боло берет экен.
Менимче, метро курмайынча Бишкек шаарында тыгын боло берет. Муну курса болобу же болбойбу? Менимче, болот. Эгерде дипломатиялык жол менен, Кытай менен же Орусия менен же башка өлкөлөр менен сүйлөшүп, 20, 30 жылга метрону аларга берип, андан кийин бизге өтөт деген келишим менен караса өкмөт. Ошондо Бишкектеги тыгын маселеси чечилип калса керек", - деди Малиев.