"Дарыялардын астына курулат". Абакиров метронун долбоорун көрсөттү (видео)

Бүгүн, 6-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Бишкектеги жол тыгынын чечүү үчүн метро куруу керектигин айтты.

Эл өкүлү ага метронун долбоорун алып келишкенин билдирип, аны жыйында көрсөттү.

"Бишкекте күнүмдүк жургүнчүлөрдүн агымы 700 миңге жетиптир. Демек, биз метрого муктаж болуп калдык. Бүгүн куруп баштаган күндө деле 5-10 жыл курабыз. Мага бул долбоордогу дарыяларды колдонуу сунушу жакты. Дарыялардын үстүнө жол, астына метро курулат. Анан да дарыялардын үстүнө турак үйлөрдү куруп, элге сатсак каражат маселесин да чечсе болот экен", - деди Абакиров.

Ошондой эле ал аялдамаларга жеңил унаалар токтоп алып жол тыгынын жаратып жатканын айтып, ЖКККББнын кызматкерлерин аларды көзөмөлдөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, мунун алдында эле депутат Арсланбек Малиев Бишкек шаарына метро курууну сунуштаган.

Жогорку Кеңеш 06.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан