Америкалык Global Finance журналы дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн 2024-жылга карата рейтингин жарыялады. Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) World Economic Outlook) маалыматтарынын негизинде түзүлгөн рейтинг уникалдуу индекстөө системасын колдонот. Анда адамдардын сатып алуу жөндөмдүүлүгү каралат.
"Калктын жан башына ИДПсы (ВВП) көбүнчө стандарттык көрсөткүч катары каралат, бирок сатып алуу жөндөмдүүлүгү паритетин (СЖП) паритета покупательной способности) колдонуу менен жашоо наркынын жана инфляциянын темптеринин айырмасын компенсациялоо ар бир өлкөдө адамдын сатып алуу жөндөмүн жакшыраак баалай алат.
Ички дүң продукт өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өлчөйт, ал эми бул өндүрүштү толук убакытта иштегендердин санына бөлүү - бир өлкөнүн калкынын башкасына салыштырмалуу канчалык бай же кедей экендигин аныктоонун жакшы жолу. Инфляциянын деңгээлин, ошондой эле жергиликтүү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын эсепке алуу менен гана биз өлкөнүн орточо жашоо деңгээлинин так сүрөттөлүшүнө ээ боло алабыз: натыйжада алынган көрсөткүч сатып алуу жөндөмдүүлүгү паритети (СЖП) деп аталат. Ал өлкөлөр ортосунда салыштыруу үчүн доллар менен көрсөтүлөт", - деп жазылат анда.
Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) маалыматы боюнча, дүйнөдөгү эң жакыр 10 өлкөнүн киши башына орточо сатып алуу жөндөмдүүлүгү 2000 доллардан аз болсо, эң бай 10 өлкөнүкү 80 миң доллардан жогору.
Дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн тизмесин бул жерден, рейтингде Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан канчанчы орунда экенин бул жерден көрө аласыз.
10. Норвегия
1960-жылдардын аягында деңизде ири запастар табылгандан бери Норвегиянын экономикалык кыймылдаткычы мунай менен иштейт. Батыш Европанын эң ири мунай өндүрүүчүсү катары өлкө ондогон жылдар бою баалардын өсүшүнөн пайда көрүп келген.
Бирок азыркы тапта андай эмес. 2020-жылдын башында баалар түшүп, андан кийин дүйнөлүк пандемия башталды. Ошол жылдын экинчи чейрегинде Норвегиянын ИДПсы 6,3 пайызга төмөндөдү. Бул соңку жарым кылымдагы, балким Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң чоң төмөндөө. Анткен менен агачкы соккудан кийин экономика акырындык менен жоготууларды жоюп, кайра көтөрүлдү.
Андан тышкары кандайдыр бир күтүлбөгөн экономикалык көйгөйгө келгенде, норвегиялыктар ар дайым дүйнөдөгү эң чоң 1,4 триллион долларлык эгемендик фондуна ишене алышат. Ал гана эмес, башка көптөгөн бай мамлекеттерден айырмаланып, Норвегиянын жан башына ИДПнын жогорку көрсөткүчтөрү адамдын экономикалык бакубаттуулугун так чагылдырат. Өлкө дүйнөдөгү эң кичинекей киреше теңсиздиги менен мактана алат.
9. Америка Кошмо Штаттары
Кичинекей өлкөлөр эң бай деп айттык беле? Бул албетте, акыркы жыйырма жылдын ичинде алдыңкы 20 мамлекеттин ичинен онунчу саптан бир аз бир аз жогорку орунду ээлеп келген, 2020-жылы эң бай делген 10 өлкөнүн катарына кирген Кошмо Штаттарга тиешелүү эмес.
Анын кескин өсүшү, жок эле дегенде, башында кирешелерди жана чыгашаларды көбөйткөн пандемияга байланыштуу социалдык-экономикалык чараларга, ошондой эле Катар, Норвегия жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу экономикасы мунайга негизделген өлкөлөрдө баалардын төмөндөшүнө байланыштуу болгон, ал эми Бруней алдыңкы ондуктан таптакыр чыгып калды.
8. Сан-Марино
Кичинекей Сан-Марино Европадагы эң байыркы мамлекет жана картадагы эң кичинекей бешинчи өлкө. Анын 34 миңдей гана жараны бар, бирок алар дүйнөдөгү эң бай жарандардын катарына кирет. Ага жарандарга тапкан пайдасынан төлөнүүчү салыктардын төмөндүгү да себепкер. Анткен менен Сан-Марино өзүнүн салык мыйзамдарын жана эрежелерин Евробиримдиктин (ЕБ) жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү үчүн иштеп жатат.
Кичинекей өлкө пандемия маалында жана анын кесепеттерин жоюу учурунда, ошондой эле энергетикалык кризистин шартында укмуштуудай туруктуулукту көрсөттү, анын туризм тармагы жана өндүрүш сектору өзгөчө жакшы көрсөткүчтөргө ээ.
7. Швейцария
Ак шоколад, бобслей, швейцариялык армиянын бычагы, компьютердик чычкан, чөмүлүүчү блендер, липучка жана LSD - Швейцария дүйнөгө алып келген көңүлгө аларлык ойлоп табуулардын айрымдары гана. 8,8 миллионго жакын калкы бар бул өлкөнүн байлыгынын көбү банк жана камсыздандыруу кызматтарынан, туризмден жана фармацевтика, асыл таштар, баалуу металлдар, так аспаптар (саат сыяктуу) жана техника (медициналык аппараттар жана компьютерлер) экспортунан келет.
Credit Suisse’тын 2023-жылдагыбаяндамасына ылайык, Швейцария бир кишинин орточо байлыгы боюнча 685 миң 230 доллар менен кайрадан биринчи орунга чыкты. Мындан тышкары, болжол менен ар бир алтынчы адам 1 миллион доллардан ашык активдерге ээ. Швейцарияда миллионерлердин саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турганы таң калычтуубу?
Бирок пандемия эле экономикага олуттуу таасирин тийгизбестен, өлкө Орусиядан мунай менен газдын импортуна көз каранды болгондуктан, Украинадагы согуш баалардын өсүшүнө алып келди. андан тышкары өткөн жылы инфляцияны ооздуктоо максатында Швейцариянын Улуттук банкы (SNB) пайыздык ченди -0,75 пайыздан 1,75 пайызга көтөргөн. Мындай кадамдын кесепеттери, анын ичинде инвестициялык чыгымдардын өсүшү жана экономикалык өсүштүн басаңдашы – өлкө экспортунун төмөндөшүнө, айрыкча Швейцариянын АКШдан кийинки экинчи соода өнөктөшү болгон Германияга болгон экспорттун төмөндөөсүнө алып келди.
6. Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ)
Айыл чарба, балык уулоо жана бермет соодасы - Перс булуңундагы бул өлкөнүн экономикалык таянычы болгон. Анан 1950-жылдары мунай табылып, баары өзгөрдү. Бүгүнкү күндө Бириккен Араб Эмираттарынын калкы бир топ байлыкка ээ. Салттуу ислам архитектурасы жаркыраган соода борборлору менен айкалышып турат, жумушчулар салыксыз эмгек акыга кызыгып дүйнөнүн булуң-бурчунан келишет. Өлкөдө жашаган калктын 20 пайызга жакыны гана жергиликтүү тургундар.
БАЭнин экономикасы да барган сайын диверсификацияланууда. Салттуу түрдө үстөмдүк кылган углеводород секторунан тышкары, туризм, курулуш, соода жана финансы негизги тармактар болуп саналат. Бул БАЭге пандемия жана мунайга болгон баанын төмөндөшү таасир эткен жок дегенди билдирбейт. Укмуштуудай көрүнгөнү менен БАЭ акыркы ондогон жылдардан бери биринчи жолу ЭВФтин дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрүнүн рейтингинен кыска убакытка чыгып калган. Ошого карабастан, күйүүчү майлардын баасы калыбына келээри менен БАЭ тез арада дүйнөдөгү эң бай 10 өлкөнүн катарында өзүнүн тарыхый абалын калыбына келтирди.
5. Катар
Мунайдын баасы 2010-жылдардын ортосунан бери бир аз төмөндөдү. 2014-жылы Катардын жаранынын жан башына ИДПсы 143 миң 222 доллардан ашкан, бир жылдан кийин ал олуттуу төмөндөп, кийинки беш жыл ичинде 100 миң доллардын чегинен төмөн бойдон калды. Бирок бул көрсөткүч кайрадан акырындык менен өсүп, жыл сайын болжол менен 10 миң долларга көбөйүп отурду.
Мунай, газ жана мунай химиялык запастары ушунчалык көп жана калкы өтө аз (3 миллионго жакын) бул мамлекет ультра заманбап архитектура, люкс соода борборлору жана даамдуу ашканасы менен 20 жылдан бери дүйнөнүн эң бай мамлекеттеринин тизмесинин башында тура алды.
Бирок бир дагы бай мамлекетте көйгөйлөр жок эмес. Өлкөнүн тургундарынын 12 пайызга жакыны гана Катардын жарандары болгондуктан, пандемиянын алгачкы айларында Ковид-19 эл жыш жайгашкан кварталдарда жашаган аз камсыз болгон эмгек мигранттарынын арасында тездик менен жайылып, аймактагы оору тараган эң жогорку көрсөткүчтөрүнүн бирин жаратты. Андан кийин күйүүчү жана майлоочу майларга болгон баанын төмөндөшү мамлекеттик жана жеке сектордун кирешелеринин төмөндөшүнө лаып келген. Экспортко багытталган экономика болгон Катар Украинадагы согуштан улам дүйнөлүк сооданын үзгүлтүккө учурашынан да жапа чеккен. Кийинчерээк Газадагы жаңжал Жакынкы Чыгышта кайрадан кооптонууну жана белгисиздикти пайда кылды. Ошентсе да, ушул убакка чейин экономика жетишээрлик туруктуу экенин далилденди. Ал 2024 жана 2025-жылдары болжол менен 2 пайыз өсөт деп болжолдонууда.
4. Сингапур
Болжол менен 16 миллиард долларлык активи менен Сингапурда жашаган эң бай адам америкалык Эдуардо Саверин. Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүлөрүнүн бири 2011-жылы компаниянын 53 миллион акциясы менен АКШдан чыгып, аралдагы мамлекеттин туруктуу жашоочусу болуп калган. Көптөгөн башка миллионерлер жана миллиардерлер сыяктуу эле, Саверин аны кооздугу же шаардык көрктөндүрүү үчүн гана тандаган эмес, Сингапурда капиталдын кирешесине жана дивиденддерге салык салынбайт.
Бирок Сингапур кантип мынчалык көп кирешелүү адамдарды өзүнө тарта алды? Шаар-мамлекет 1965-жылы эгемендикке жеткенде анын калкынын жарымы сабатсыз болгон. Табигый ресурстары дээрлик жок болгон Сингапур талыкпаган эмгектин жана акылдуу саясаттын аркасы менен дүйнөдөгү бизнес үчүн эң ыңгайлуу жерлердин бирине айланды. Бүгүнкү күндө Сингапур гүлдөп жаткан соода, өндүрүш жана каржы борбору жана бойго жеткен калктын 98 пайызы азыр сабаттуу.
Тилекке каршы, бул аны пандемиядан улам келип чыккан дүйнөлүк экономикалык төмөндөөдөн коргой алган жок. 2020-жылы экономика 3,9 пайызга кыскарып, он жылдан ашык убакытта биринчи жолу өлкөнү рецессияга учуратты. 2021-жылы Сингапурдун экономикасы 8,8 пайыз өсүш менен кайра жанданды, бирок андан кийин эң негизги соода өнөктөшү болгон Кытайдагы басаңдоо калыбына келтирүүнү жокко чыгарды. Кытайдын экономикалык көйгөйлөрү Сингапурдун өндүрүш тармагына, өзгөчө Сингапурдун жалпы ИДПсынын болжол менен 20 пайызын түзгөн секторуна катуу сокку урду. Экономика 2023-жылы болгону 1 пайызга кеңейди жана 2024 жана 2025-жылдары 2 пайыздан көп өсө албайт деп болжолдонууда.
3. Ирландия
Болжол менен 5,3 миллион калкы бар Ирландия Республикасы 2008-2009-жылдардагы каржы кризисинен эң катуу жабыркагандардын бири болгон. Мамлекеттик сектордогу эмгек акыны кыскартуу жана банк тармагын реструктуризациялоо сыяктуу саясий жактан татаал реформалардан кийин арал мамлекети өзүнүн финансылык абалын калыбына келтирип, жумуштуулукту деңгээлин жогорулатты жана жан башына ИДПнын экспоненциалдуу өсүшүн байкады.
Ирландия дүйнөдөгү ири корпоративдик салык бейиштеринин бири болуп саналат, ал көп улуттуу компанияларга ирландиялыктарга караганда алда канча көп пайда алып келет. 2010-жылдардын жарымында көптөгөн ири америкалык фирмалар (мисалы, Apple, Google, Microsoft, Meta жана Pfizer ) өздөрүнүн фискалдык резиденциясын Ирландияга көчүрүштү, Себеби дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн биринен 12,5 пайыз корпоративдик салык ставкасынан пайда алуу үчүн. 2023-жылы бул көп улуттуу компаниялар Ирландиянын экономикасына кошулган жалпы нарктын 50 пайызга жакынын түзгөн. Эгерде Ирландия OECD тарабынан сунушталган жана көптөгөн өлкөлөр тарабынан ишке ашырылган минималдуу 15 пайыздык корпоративдик салык ставкасын кабыл алса, анда ал өзүнүн атаандаштык артыкчылыгын жоготот.
Андан тышкары, ирландиялыктар мурункуга караганда жакшырак жашаса да, жан башына эсептелген кирешеси OECD маалыматтары боюнча Евро биримдиктин жалпы орточо деңгээлинен бир аз төмөн бойдон калууда. Эң байлар менен эң жакырлардын ортосундагы олуттуу ажырымды эске алганда (калктын эң жогорку 20 пайыз катмары эң төмөнкү 20 пайыздан дээрлик беш эсе көп киреше табат), Ирландиянын жарандарынын көбү, дүйнөдөгү эң байлардын катарына кирет деген ойдон баш тартышы мүмкүн.
2. Макао САР
Бир нече жыл мурун көптөр Азиянын Лас-Вегасы дүйнөдөгү эң бай мамлекет болуу жолунда баратат деп эсептешкен, бирок ал жолдо бир катар тоскоолдуктарга туш болгон. Мурда Португалия империясынын колониясы болгон оюн индустриясы 2001-жылы либерализацияланган (катуу чектөөлөрдөн, мамлекеттик жөнгө салуудан жана көзөмөлдөн бошотулган). Андан соң Кытай Эл Республикасынын бул өзгөчө административдик чөлкөмүндө байлыгы укмуштуудай темпте өскөн. 700 миңдей калкы жана 33 чарчы километрге жакын аймакта 40тан ашык казинолору менен белгилүү Гонконгдун түштүгүндөгү бул кууш жарым арал акча жасоочу машинага айланган. Калктын жан башына сатып алуу жөндөмдүүлүгү 134 миң доллар.
1. Люксембург
Европанын чок ортосунда жайгашкан 670 миңге жакын калкы бар бул өлкө туристтерге да, жарандарына да көп нерсе сунуштайт. Люксембург байлыгынын көп бөлүгүн евроаймакта жашоо деңгээли эң жогору болгон калкынын турак-жайын, саламаттыкты сактоосун жана билимин жакшыртууга жумшайт.
Дүйнөлүк каржы кризиси жана ЕБ менен ОЭСРдин банктык сырды азайтуу боюнча кысымы Люксембургдун экономикасына анча деле таасир этпесе да, коронавирустун чыгышы көптөгөн ишканаларды жабууга жана жумушчулардын жумуш ордун жоготууга аргасыз кылды. Бирок, өлкө көпчүлүк европалык коңшуларына караганда пандемияга жакшы туруштук берди. Люксембург 2014-жылы киши башына ИДПнын көлөмү боюнча 100 миң доллар чегинен ашып, андан бери эч качан артка кайткан эмес.
Дүйнөдөгү эң бай өлкөлөр - 2024
Өлкө/Аймак | ИДП-СЖП (ППС) жан башына ($) | |
1 | 🇱🇺Люксембург | 143,743 |
2 | 🇲🇴Макао САР | 134,141 |
3 | 🇮🇪Ирландия | 133,895 |
4 | 🇸🇬Сингапур | 133,737 |
5 | 🇶🇦Катар | 112,283 |
6 | 🇦🇪Бириккен Араб Эмираттары | 96,846 |
7 | 🇨🇭Швейцария | 91,932 |
8 | 🇸🇲Сан-Марино | 86,989 |
9 | 🇺🇸Америка Кошмо Штаттары | 85,373 |
10 | 🇳🇴Норвегия | 82,832 |
11 | 🇬🇾Гайана | 80,137 |
12 | 🇩🇰Дания | 77,641 |
13 | 🇧🇳Бруней-Даруссалам | 77,534 |
14 | 🇹🇼Тайван | 76,858 |
15 | 🇭🇰Гонконг САР | 75,128 |
16 | 🇳🇱Нидерланды | 74,158 |
17 | 🇮🇸Исландия | 73,784 |
18 | 🇸🇦Сауд Арабиясы | 70,333 |
19 | 🇦🇹Австрия | 69,460 |
20 | 🇸🇪Швеция | 69,177 |
21 | 🇦🇩Андорра | 69,146 |
22 | 🇧🇪Бельгия | 68,079 |
23 | 🇲🇹Мальта | 67,682 |
24 | 🇩🇪Германия | 67,245 |
25 | 🇦🇺Австралия | 66,627 |
26 | 🇧🇭Бахрейн | 62,671 |
27 | 🇫🇮Финляндия | 60,851 |
28 | 🇨🇦Канада | 60,495 |
29 | 🇫🇷Франция | 60,339 |
30 | 🇰🇷Түштүк Корея | 59,330 |
31 | 🇬🇧Улуу Британия | 58,880 |
32 | 🇨🇾Кипр | 58,733 |
33 | 🇮🇹Италия | 56,905 |
34 | 🇮🇱Израиль | 55,533 |
35 | 🇦🇼Аруба | 54,716 |
36 | 🇯🇵Япония | 54,184 |
37 | 🇳🇿Жаңы Зеландия | 53,797 |
38 | 🇸🇮Словения | 53,287 |
39 | 🇰🇼Кувейт | 52,274 |
40 | 🇪🇸Испания | 52,012 |
41 | 🇱🇹Литва | 50,600 |
42 | 🇨🇿Чех Республикасы | 50,475 |
43 | 🇵🇱Польша | 49,060 |
44 | 🇵🇹Португалия | 47,070 |
45 | 🇧🇸Багама аралдары | 46,524 |
46 | 🇭🇷Хорватия | 45,702 |
47 | 🇭🇺Венгрия | 45,692 |
48 | 🇪🇪Эстония | 45,122 |
49 | 🇵🇦Панама | 44,797 |
50 | 🇸🇰Словакия Республикасы | 44,081 |
51 | 🇹🇷Түркия | 43,921 |
52 | 🇵🇷Пуэрто-Рико | 43,219 |
53 | 🇷🇴Румыния | 43,179 |
54 | 🇸🇨Сейшель аралдары | 43,151 |
55 | 🇱🇻Латвия | 41,730 |
56 | 🇬🇷Греция | 41,188 |
57 | 🇴🇲Оман | 39,859 |
58 | 🇲🇾Малайзия | 39,030 |
59 | 🇰🇳Сент-Китс жана Невис | 38,870 |
60 | 🇷🇺Орусия | 38,292 |
61 | 🇲🇻Малдив аралдары | 37,433 |
62 | 🇧🇬Болгария | 35,963 |
63 | 🇰🇿Казакстан | 34,534 |
64 | 🇹🇹Тринидад жана Тобаго | 32,685 |
65 | 🇲🇺Маврикий | 32,094 |
66 | 🇨🇱Чили | 31 005 |
67 | 🇺🇾Уругвай | 30,170 |
68 | 🇲🇪Черногория | 29,696 |
69 | 🇨🇷Коста-Рика | 28,558 |
70 | 🇷🇸Сербия | 27,985 |
71 | 🇦🇬Антигуа жана Барбуда | 27,309 |
72 | 🇩🇴Доминикан Республикасы | 27,120 |
73 | 🇱🇾Ливия | 26,456 |
74 | 🇦🇷Аргентина | 26,390 |
75 | 🇲🇽Мексика | 25,963 |
76 | 🇧🇾Беларусь | 25,685 |
77 | 🇬🇪Грузия | 25,248 |
78 | 🇨🇳Кытай | 25,015 |
79 | 🇹🇭Таиланд | 23,401 |
80 | 🇲🇰Түндүк Македония | 22,249 |
81 | 🇬🇩Гренада | 21,799 |
82 | 🇦🇲Армения | 21,746 |
83 | 🇮🇷Иран Ислам Республикасы | 21,220 |
84 | 🇧🇷Бразилия | 20,809 |
85 | 🇦🇱Албания | 20,632 |
86 | 🇧🇦Босния жана Герцеговина | 20,623 |
87 | 🇧🇧Барбадос | 20,592 |
88 | 🇧🇼Ботсвана | 20,097 |
89 | 🇨🇴Колумбия | 19,770 |
90 | 🇹🇲Түркмөнстан | 19,729 |
91 | 🇱🇨Ст. Lucia | 19,718 |
92 | 🇬🇦Габон | 19,452 |
93 | 🇦🇿Азербайжан | 19,328 |
94 | 🇻🇨Сент-Винсент жана Гренадиндер | 19,196 |
95 | 🇸🇷Суринам | 18,928 |
96 | 🇬🇶Экватордук Гвинея | 18,378 |
97 | 🇲🇩Молдова | 17,902 |
98 | 🇪🇬Египет | 17,614 |
99 | 🇫🇯Фиджи | 17,403 |
100 | 🇵🇼Палау | 17,381 |
101 | 🇮🇩Индонезия | 16,861 |
102 | 🇽🇰Косово | 16,775 |
104 | 🇵🇪Перу | 16,631 |
105 | 🇲🇳Монголия | 16,504 |
105 | 🇩🇿Алжир | 16,483 |
106 | 🇿🇦Түштүк Африка | 16,424 |
107 | 🇵🇾Парагвай | 16,291 |
108 | 🇧🇹Бутан | 15,978 |
109 | 🇻🇳Вьетнам | 15,470 |
110 | 🇺🇦Украина | 15,464 |
111 | 🇩🇲Доминика | 15,280 |
112 | 🇪🇨Эквадор | 14,485 |
113 | 🇹🇳Тунис | 13,645 |
114 | 🇯🇲Ямайка | 13,543 |
115 | 🇸🇿Эсватини | 12,637 |
116 | 🇸🇻Сальвадор | 12,561 |
117 | 🇯🇴Иордания | 12,402 |
118 | 🇵🇭Филиппиндер | 12,192 |
119 | 🇳🇦Намибия | 12,008 |
120 | 🇮🇶Ирак | 11,937 |
121 | 🇧🇿Белиз | 11,320 |
122 | 🇬🇹Гватемала | 11,006 |
123 | 🇲🇦Марокко | 10,947 |
124 | 🇺🇿Өзбекстан | 10,936 |
125 | 🇳🇷Науру | 10,823 |
126 | 🇧🇴Боливия | 10,693 |
127 | 🇨🇻Кабо Верде | 10,304 |
128 | 🇱🇦Лаос ПДР | 10,242 |
129 | 🇮🇳Индия | 10,123 |
130 | 🇧🇩Бангладеш | 9,416 |
131 | 🇻🇪Венесуэла | 8,486 |
132 | 🇰🇭Камбоджа | 8,287 |
133 | 🇳🇮Никарагуа | 8,137 |
134 | 🇩🇯Джибути | 7,707 |
135 | 🇲🇷Мавритания | 7,680 |
136 | 🇭🇳Гондурас | 7,503 |
137 | 🇹🇴Тонга | 7,462 |
138 | 🇬🇭Гана | 7,156 |
139 | 🇦🇴Ангола | 7,153 |
140 | 🇰🇪Кения | 6,976 |
141 | 🇵🇰Пакистан | 6,955 |
142 | 🇨🇮Кот-д'Ивуар | 6,860 |
143 | 🇰🇬Кыргыз Республикасы | 6,790 |
144 | 🇼🇸Самоа | 6,721 |
145 | 🇳🇬Нигерия | 6,340 |
146 | 🇲🇭Маршалл аралдары | 6,313 |
147 | 🇹🇻Тувалу | 6,056 |
148 | 🇹🇯Тажикстан | 5,832 |
149 | 🇲🇲Мьянма | 5,203 |
150 | 🇳🇵Непал | 5,032 |
151 | 🇨🇲Камерун | 4,842 |
152 | 🇨🇬Конго Республикасы | 4,740 |
153 | 🇫🇲Микронезия | 4,691 |
154 | 🇸🇳Сенегал | 4,661 |
155 | 🇧🇯Бенин | 4,558 |
156 | 🇿🇲Замбия | 4,361 |
157 | 🇸🇹Сан-Томе жана Принсипи | 4,238 |
158 | 🇪🇹Эфиопия | 4,020 |
159 | 🇹🇱Тимор-Лесте | 3,767 |
160 | 🇹🇿Танзания | 3,746 |
161 | 🇰🇮Кирибати | 3,614 |
162 | 🇵🇬Папуа Жаңы Гвинея | 3,534 |
163 | 🇰🇲Комор | 3,532 |
164 | 🇸🇩Судан | 3,443 |
165 | 🇷🇼Руанда | 3,367 |
166 | 🇬🇳Гвинея | 3,366 |
167 | 🇺🇬Уганда | 3,345 |
168 | 🇬🇼Гвинея-Бисау | 3,239 |
169 | 🇱🇸Лесото | 3,227 |
170 | 🇭🇹Гаити | 3,108 |
171 | 🇬🇲Гамбия | 2,993 |
172 | 🇬🇲Зимбабве | 2,975 |
173 | 🇻🇺Вануату | 2,939 |
174 | 🇹🇬Того | 2,911 |
175 | 🇻🇺Буркина Фасо | 2,781 |
176 | 🇲🇱Мали | 2,714 |
177 | 🇸🇧Соломон аралдары | 2,713 |
178 | 🇹🇩Чад | 2,620 |
179 | 🇸🇱Сиерра-Леоне | 2,189 |
180 | 🇸🇴Сомали | 2,062 |
181 | 🇾🇪Йемен | 1,996 |
182 | 🇲🇬Мадагаскар | 1,979 |
183 | 🇱🇷Либерия | 1,882 |
184 | 🇲🇼Малави | 1,712 |
185 | 🇳🇪Нигер | 1,675 |
186 | 🇲🇿Мозамбик | 1,649 |
187 | 🇨🇩Конго Демократиялык Республикасы | 1,552 |
188 | 🇨🇫Борбордук Африка Республикасы | 1,123 |
189 | 🇧🇮Бурунди | 916 |
190 | 🇸🇸Түштүк Судан | 455 |
— | 🇦🇫Афганистан 🇪🇷Эритрея 🇱🇧Ливан 🇱🇰Шри-Ланка 🇸🇾Сирия 🇵🇸Батыш жээк жана Газа |
Маалымат жок |