Эски унааларды жаңы электромобилдерге алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда, президент Садыр Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассер менен сүйлөшүү учурунда билдирди.
Анын айтымында, Камбар-Ата-1 суу сактагычынын долбоору өлкөнүн энергия кубаттуулугун жогорулатууну камсыздаган. Ошондой эле аталган суу сактагыч коңшу өлкөлөргө да электр энергиясын экспорттоого мүмкүндүк берген ири инвестициялык долбоор болуп саналат. Аталган суу сактагычынын долбооруна катышууга Ислам өнүктүрүү банкы да чакыртылды.
Ага ылайык, Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассер Кыргызстандын экономикасы өнүгүп келе жаткандыгын айтты.
"Биз ар дайым пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз. Ошондой эле биз сиз менен иштеп жаткандыгыбызга кубанычтабыз", - деди Мухаммед Аль-Жассер.
Мамлекет башчы коңшу Кытай мамлекети менен биргелешип электромобиль чыгаруучу завод куруп жаткандыгын кошумчалады.