Улукбек Султанов башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Президенттин басма сөз кызаматынан билдиргендей, тиешелүү буйрукка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
"Султанов Улукбек Ташболотович, башкы прокурордун биринчи орун басары, ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ал бул кызматка 2023-жылдын 16-январында дайындалган.