Малик Бектурганов башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды

Малик Бектурганов башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Бектурганов Малик Маамыталиевич башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды", - деп айтылат малыматта.

Бектурганов 2022-жылдын 20-майынан бери Ош шаарынын прокурору болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, буга чейин Улукбек Султанов башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулганы белгилүү болгон. Анын кызмат ордун Баймурза Маатов ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан