Копенгагенде Даниянын премьер-министри Метте Фредериксенге кол салган киши 39 жаштагы Польшанын жараны болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Метте Фредериксен
Андагы маалыматка караганда, Дания өкмөтүнүн башчысы Культорвет аянтындагы Социал-демократиялык партиянын шайлоо алдындагы иш-чарасына катышып жаткан учурда бир адам анын ийинине муштум менен урган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, окуя болгон учурда поляк алкоголдук ичимдик жана баңгизат колдонгон мас абалында болгон. Сот кол салган адамды 12 суткага камакка алды.
Фредериксендин кеңсеси премьер-министр бул окуядан шок болгонун билдирди. Кол салууну бир катар европалык саясатчылар, анын ичинде Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен айыптады.