Акылбек Жапаров Венадагы форумда "Камбар-Ата-1" тууралуу маалымат берет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Австриянын Вена шаарында Эл аралык инвестициялык энергетика форумуна катышат.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, талкуунун негизги темасы "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоору болмокчу. Анда Жапаров өлкө боюнча баяндама жасап, республиканын гидроэнергетикалык потенциалына арналган пленардык жыйынга жана панелдик жыйындарга катышат.

Форум Дүйнөлүк банктын колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Кыргызстандын Министрлер кабинети тарабынан уюштурулат.

Ага 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилиги, Борбордук Азиядан, Европадан, Жакынкы Чыгыштан делегациялар, жеке инвесторлор, ири инвестициялык банктардын жана компаниялардын өкүлдөрү, электр станциялары жана подряддык уюмдар ошондой эле гидроэлектростанциялар үчүн жабдууларды чыгаруучу алдыңкы компаниялар катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан