Акылбек Жапаров иш сапары менен Австрияга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Австриянын Вена шаарына барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин башчысы Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышат.

Буга чейин аталган форумда талкуунун негизги темасы "Камбар-Ата ГЭС-1ди" куруу долбоору боло тургандыгы айтылган.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы форумда өлкөнүн презентациясы менен чыгып, республиканын гидроэнергетикалык потенциалына арналган пленардык жыйынга жана панелдик сессияларга катышат.

Ага ылайык, Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, атап айтканда, Австриянын европалык жана эл аралык иштер федералдык министри Александр Шалленберг менен, Австриянын экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугушат.

Министрлер кабинетинин төрагасы европалык гидроэнергетикалык компаниялардын жетекчилери менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан