Авиакырсыктан каза болгон Иран президентинин ордуна алты талапкер ат салышат (тизме)

Ирандын Ички иштер министрлиги президент Ибрахим Раиси тик учак кырсыгынан каза болгондон кийин президенттик шайлоого катышууга уруксат алган алты талапкердин тизмесин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 28-июнга белгиленген.

Талапкерлердин тизмеси:

- Масуд Пезешкиа - Иран парламентинин экс-депутаты;

- Мостафа Пурмохаммади - ИИМдин мурдагы башчысы жана юстициянын экс-министри;

- Саид Джалили - Саясий максаттуулук боюнча биримдиктин мүчөсү;

- Алиреза Закани - Тегеран шаарынын мэри;

- Амир-Хосейн Газизаде-Хашеми - вице-президент;

- Мохаммад Багер Галибаф - парламенттин төрагасы.

“Талапкерлердин тизмесине кирүү үчүн 80 адам арыз берген. Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежадга жана парламенттин мурдагы төрагасы Али Лариджаниге шайлоого катышууга уруксат берилген жок. Анткени алар Иран парламентинин байкоочу кеңешинен текшерүүдөн өтө алган эмес”, -деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 19-майда түштөн кийин Иран президенти Ибрахим Раисинин тик учагы кулап түшкөнү кабарланган. Аны издөөгө Түркиядан 70тен ашык куткаруучу топ жана техникалар жөнөтүлгөн. 20-майда эртең менен түркиялык пилотсуз учак Bayraktar Akinci Азербайжан менен чек арадан 30 чакырым алыстыкта ​​Ирандын Тавил айылына жакын жерде жылуулук булагын тапкан. Ошол жерден президенттик тик учактын күйгөн сыныктары табылган.

Раиси менен бирге учакта Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиан, Тебриз жума намазынын имамы Мохаммад Али Аль-э-Хашем, Чыгыш Азербайжан провинциясынын башчысы Малек Рахмати, тик учактын экипажы жана бир коопсуздук кызматкери болгон. Делегация Азербайжандан кайтып келе жаткан. Бардык жүргүнчүлөр каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан