Нурбек Каимов башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Каимов Нурбек Узгенович башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Ал 44 жашта. Каимов 2022-жылдын сентябрынан бери Транспорт прокуратурасынын жетекчиси болуп иштеп келген. Ага чейин Каракол шаардык прокуратурасынын жетекчиси болуп эмгектенген.
Белгилей кетсек, буга чейин башкы прокурордун орун басары Улан Айтбаев ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланган.