Улан Айтбаев башкы прокурордун орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Айтбаев Улан Таштемирович башкы прокурордун орун басары ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Ал 1985-жылы 25-декабрда туулган. Айтбаев аталган кызматка 2023-жылдын 14-декабрында барган.