"Акылман" президенттик лицейине тандоо: 3-турдан 75 окуучу өттү
"Акылман" президенттик лицейине 6-класстар үчүн өткөрүлгөн сынактын 3-турунан 75 окуучу (41 бала, 34 кыз) өттү. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, сынактын I туруна – 6202, II туруна – 2922, III туруна – 854 талапкер катышкан.
Эскерте кетсек, эң жогорку балл алган 12 окуучу резервге алынды.
Автор: Айжанар Рыспек кызыФото: Билим берүү жана илим министрлиги