"Акылман” президенттик лицейинде кимдер окуй алат жана шарттары кандай?

Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын так ортосунда, көл жээгинде жайгашкан “Акылман” президенттик лицейи 2023-жылдын август айында ачылып, 72 окуучу менен бир жылдык окуу жылын жыйынтыктады.

Лицейде билим берүү эки тилде: кыргыз жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Орус тили сабагы катардагы предмет катары окутулат. Билим берүү программасы инновациялык болуп саналат, ал STEM предметтерин тереңдеп үйрөнүүгө багытталган.

Билим берүү уясынын директору Эмил Рыскулов SUPER.KG порталына окуучулардын жетишкендиктери, лицейдеги шарттар туурасында кенен маалымат берди.

Жемиштүү башталган бир жыл

- Окуу жылы ийгиликтүү башталып, жемиштүү жыйынтыкталды десек болот. Ачылганына аз убакыт болсо да 10дон ашык предметтик олимпиадаларга катышып, окуучуларыбыз алгылыктуу жетишкендиктерге жетти. Так илимдердин баары англис тилинде жүргүзүлөт. Окуучулардын билим деңгээли жана тил өздөштүрүүсү салыштырмалуу жогорулады. Бир жыл аралыгында таланттуу балдар өз дараметин көрсөтө алышты. Мурунку мектептеринде алган фундаменттик билим берүүсү дагы да алдыга жылууга көмөк көрсөттү деп ишенем.

Кимдер окушат жана шарттары кандай?

- Окуучулар Кыргызстандын ар бир облусунан тандалып алынган. Карапайым үй-бүлөлөрдөн чыккан, зээндүү, класста алдыңкы балдардын катарын толуктаган, билим деңгээли жогорку көрсөткүчтөгү балдар кабыл алынган. Президенттик лицей болгондуктан акысыз, жатып окушат. Жатаканаларда ыңгайлуу шарттар каралып, балдар жана кыздар үчүн бөлөк бөлмөлөр каралган. Ар биринде экиден бала жайгаштырылат. Жуунуучу жайы, эмеректери бар. Тамак берүү системасы 5 маал жүргүзүлөт. Дарыгерлердин көзөмөлү менен тамактардын калориясы сакталып, үч маал ысык тамак каралса, эки маал чай, таттуулар берилет.

Эмгек жамаатты чет элдик мугалимдер толуктайт

- Окутуучулардын жалпы саны 33 мугалим. Алардын төртөө чет элдик жарандар болуп саналат. Мындан тышкары Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларын бүткөн, Түркиядан, Ганконг, Америкадан билим алып келген мугалимдер балдарга сабак беришет. Түшкө чейин сабак окушса, түштөн кийин ийримдерге катышып, балдардын бош убактысы жок. Ийримдер боюнча 12 окутуучу бар. Улуттук өнөр үйрөнүүгө басым жасап, комуз үйрөтүшөт. Мындан тышкары чоподон буюдарды жасашат. Чет тилдерди өздөштүрүү, баскетбол, футбол боюнча да ийримдер бар. Балдардын алыс жерден келип, көнүп кетүү процесси да оңойго турбайт. Андыктан мындай жагдайда окуучулар менен атайын психолог иш алып барат.

Лицейдин жетекчиси сөз аягында 2024-2025-окуу жылы жалпы 192 окуучу менен баштала тургандыгын билдирип, билим уясы 360 орунга ылайыкташкан деп кошумчалады.

Ал эми "Акылман" президенттик лицейи быйыл үч тур менен 7чи жана 9-класстын окуучуларын кабыл алууну баштаган. Бул маалыматтарга коомчулук менен байланыш кызматынын башчысы Азирет Асанов кенен токтолду.

- Быйылкы окуу жылына 7-класска кайра эле 72 бала кабыл алынса, 9-класска 48 окуучуну өткөрөлү деп турабыз. Жалпы кабыл алуу үч этап менен өтөт.

Өлкө боюнча 6-классты бүткөн окуучуларды кабыл алууда I турга 6202 талапкер катышып, анын 3080и II турга өткөн. Алдыда III турдагы кабыл алуу башталат.

Ал эми 8-класстарга 25-майга чейин exam.edu.kg сайтында катталуу жүрдү. Эми катталгандар үч этап менен тандалып алынат.

  • 1-тур –1-6-июнь онлайн тестирлөө;
  • 2-тур – 10-14-июнь онлайн тестирлөө;
  • 3-тур – 18-22-июнь оффлайн тестирлөө.

1-2-тур онлайн болуп, үйдөн эле тапшырса болот. 3-турда болсо атайын тандалып алынган мугалимдер жерине барып кагаз түрүндө тест өткөрүшөт.

Онлайн тестирлөө учурунда, башкача айтканда, 1-2-этапта 5 предмет боюнча тестирлөө жүргүзүлөт. Бул математика, кыргыз тили, орус тили, тарых жана логика. Ал эми жеринде өтүлүүчү тандап алуу туру төрт предмет менен тестирлөө аркылуу өтүп, жыйынтыктоочу этап болуп саналат.

"Акылман" президенттик лицейи быйыл үч тур менен 7чи жана 9- класстын окуучуларын кабыл алууну баштаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2024-05-28 19:56:00
Баардыгынын билим деңгеели тест тапшырганда билинет. Аты бар заты жок болуп чыксачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан