АКШ алты өлкөдөн мыйзамсыз кирген мигранттарды депортациялайт. Арасында Кыргызстан да бар

АКШнын Калифорния штатынын чек арачылары мурдагы СССРдин бир катар өлкөлөрүнөн келген мигранттарды ыкчам депортациялоо боюнча буйрук алышты. Кеп Грузия, Молдова, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан тууралуу болуп жаткандыгын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, чек арачылар алган буйрук Сан-Диего шаарына жакын чек ара бөлүгүнө тиешелүү. Чечим 18 жаштан жогору мыйзамсыз жүргөндөргө колдонулат. Ошондой эле дем алыш күндөрү түштүк чек араны кесип өткөндөрдүн саны 10 миңге жеткендиги кошумчаланды.

Белгилей кетсек, Мексика менен чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөргө АКШда убактылуу башпаанек берүүгө тыюу салынган. Билдирүүгө ылайык, көрүлгөн чаралар Америкада мыйзамсыз жүргөндөрдү өлкөдөн чыгарууну жеңилдетет. Президенттик администрация бул убактылуу чара экендигин кошумчалаган. Чечим АКШга кирүүнү каалаган мигранттардын саны күнүнө 1,5 миңге түшкөндө гана жокко чыга тургандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан